Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы – таза жана адилеттүү шайлоо үчүн
Өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап, аны келечек муундарга өткөрүп берүүдө тарыхта таза бойдон калуу үчүн шайлоону таза өткөрөлү, – деп айтылат «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси Дүйшөмбү Сооронбаевдин шайлоочуларга болгон кайрылуусунда.
Кайрылуу
Кыргызстанды бизге ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен. Кудай Таалам бейиштин төрүндөй кылып жаратып койгон ажайып кооз, ыйык жерибизди муундан муунга толук бойдон өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап муундан-муунга калтырып, тарыхта таза бойдон калуу үчүн шайлоону таза өткөрөлү. Буга чейинки болуп өткөн шайлоо процесстери одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп келген. Анын натыйжасында өлкө эки ирет төңкөрүштү башынан өткөрдү. Демек, элдин каалоосу таза бийлик, таза өкмөт,таза парламент, сот адилеттиги жана таза шайлоо! Шайлоону таза өткөрсөк, жогорку бийлик бутактарынын өкүлдөрүн ачык-айкын тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.