0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Политика

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясын Жалал-Абад эли жылуу маанайда кабыл алды

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясын  Жалал-Абад  эли жылуу маанайда кабыл алды
    09 09 2015 14:39

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары баштаган партиянын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Телтору» ат майданында эл менен жолугушту. Майданга толгон эл партиянын программаларын кунт коюп угушту,өзгөчө экономика жаатындагы программалары элде кызыгууну жаратты.

    Аскар Салымбеков «жалгыздап дүйнөлүк кризис менен инфляцияга бүгүнкү заманда туруштук берүүгө мүмкүн эместигин айтып, бирдиктүү күчкө айлануу менен кооптондуруучу жагдайларга чечкиндүү сокку урууга болоорун түшүндүрдү. Андыктан биздин партия сунуштап жаткан кооперациялаштыруу тунгуюктан чыгуунун түздөн-түз жолу. Ушундай эле Тоокен тармагын өнүктүрүүнүн негизинде «Ала-Тоо кенч» долбоорун иштеп чыктык. Ала Тоо кенчтин жардамы менен баалуу кагаздар аркылуу Тоо кен тармагын ар бир кыргызстандык башкаруу менен үлүшкө жетише алат. Бардык башка өлкөлөрдө  кен байлыктарга эл кожоюн болот экен. Анын өзүнчө ыкмалары бар экен. Биз дагы Ала –Тоо кенч деген элдик компания түздүк ала тоонун кенчтери байлыгы элге таандык болуш керек. Бул долбоордун жардамы менен Жалал -Абадда нефти чыкса ага ошол жалал абаддын эли арзан баада сатып алган баалуу кагаздар аркылуу ээлик кылышат. Баалуу кагаздардын бир акциясы 10 же 20 сом болуп калышы мүмкүн»,- деди Салымбеков.

    Өз сөзүндө Адахан Мадумаров партия спорт жаатына да өзгөчө көңүл бураарын айтып, тизмеге  дүйнө чемпиону Нурбек Акановдун кириши да жөн жерден эмес деди. «Биз Кудайга жакпаган иштерди жасагандан, элдин каарынан, назарынан коркобуз. Биз бул дүйнөнүн ырахатына караганда аркы дүйнөнүн ырахатын жакшы көрөбүз, бул дүйнөнүн мактоосуна караганда аркы дүйнөнүн ырайымын жакшы көрөбүз. Ал дүйнө түбөлүктүү дүйнө. Алкынтып минип жүргөн машинабыз, конок келгенде кирет деп балдарыбызды да киргизбей бекитип койгон конок үйлөрүбүз да бул жакта калат. Аркы дүйнөгө эки гана тактай менен барабыз»,- деди.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын программасын угуп, эгер ал программалар ишке ашса Кыргызстандын жаркын келечеги экономиканын гүлдөп өсүп өнүгүшү алыс эмес экендигине ынанган тургундар партияга шайлоодо ийгиликтерди каалашты.

    Соңунда партиянын теңтөрагалары ушундай эле жыйналган эл Кочкор-Ата шаарында да күтүп тургандыгын айтып жөнөп кетишти.

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *