Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлери Баткен жана Ош облусунда эл менен жолугушту
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков жана Адахан Мадумаров Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын жана Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушту.
Партиянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу үчүн Кадамжай шаардык стадионунда 7 миң ал эми, Ноокатта 12 миң адам чогулган.
Ал жерде башка партиялардан айырмаланып, ар кандай даамдар же болбосо акча таратуулар болгон жок. Жолугушууда Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы сатылма добуштарга муктаж эмес деген ачык оюн билдирип, элди добуш берүүдө терең ойлонуп, татыктуу партияны тандоого чакырды. Шайлоо бүткөнгө чейин бир ай бою сиздердин курсагыңыздарды тойгузуп, чайларын беришет. Бирок сиздер аны ичип жатып, бул эмне болгон чай, ким берип жатат деп ойлонушуңуздар керек. Өзүнүн балдары ата-энеси үчүн дагы мал сойбой калган заманда булар көп сандаган элге арнап, жылкы союп жатышат. Мындай иш чараларды уюштургандардан ушунча элди коноктогонго жетишүү үчүн канча каражат иштеп табыш керек деген суроону бериңиздер дейт Мадумаров.
Эки партиянын кошулганы жөн жерден болгон жок, биздин максат өсүп, өнүккөн Кыргызстанды көрүү деген А.Салымбеков, жетекчилик кызматтарда эмгекчилер иштесе деди. «Себеби Кыргызстан саясатташып кетти. Баары эле саясатты, шайлоону ойлошот. Экономиканы ойлогондор өтө сейрек кездешип калды. Бул жагынан алып караганда биздин мамлекет Тажикстандан да артта калды. Биз мамлекетти бул татаал кырдаалдан сууруп чыгып, жөнгө салып, экономиканы өнүктүрүп, өзүбүздүн идеологиябызды алдыга жылдырышыбыз керек. Биздин партиянын программасынын бир бөлүгүн жер жерлерде кооперативдерди түзүү жана элдик компания боло турган “Ала Тоо” кенч программасы түзөт. Бул программанын негизинде кен байлыктарына байланыштуу баалуу кагаздарга карапайым эл ээлик кылат”,- деди Салымбеков.
Жолугушуунун соңунда эки лидерге эл тарабынан ар кандай суроолор берилип, канааттандырарлык жооптор алынды. Адахан Мадумаров Кыргызстандын өнүгүшүнө бекем тартип, ак эмгек талап кылынаарын баса белгилеп өттү.