Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлери Ысык-Көл облустук мамлекеттик телеберүүсүндө
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров шайлоонун расмий үгүт иштеринин башталышына байланыштуу, Ысык Көл облустук телеберүүсүндө түз эфирдеги эл менен баарлашууга чыгышты. Ысык-Көл жергеси «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлерин жылуу маанай менен тосуп алышты. Жалпысынан түз эфирде отузга жакын суроолор берилип, партиянын теңтөрагаларынан толук кандуу жоопторду ала алышты. Экономикалык, социалдык жана облуска байланыштуу көйгөйлүү суроолорго Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров мыйзамдык бийик деңгээлде өз ой тилектерин айтып, толук кандуу жооп беришти. Айрыкча жер-жемиштерди кайра иштетүү маселеси орчундуу туруп, жергиликтүү тургундар тынчсызданып жатканын, дыйкандардын мандай тери чыгымдарын жаппай жаткан маселеси да көтөрүлдү. Алар парламенттик шайлоодо партия жеңишке жетишип кала турган болсо, бир катар экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу максаттарын Ысык-Көл облустук элине айтып беришти. Аскар Салымбековго айрыкча кооперация, тоо кендерин иштетүү жаатындагы суроолор узатылып, партиянын кеңири масштабдагы долбоорлору элдин кызыгуусун арттырды. Ошол эле учурда Адахан Мадумаровго мамлекеттик идеологияга байланышкан суроолор берилди. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров «Үйгө кайталы» деген принцибинин негиздеринде буларга токтолду: «Чийинден чыгып кеттик, чилдей тарап кеттик, каада-салтыбыз кетти, касиетибиз качты. Ушул саясатка өтүп алдык, ушул маданиятка кетип калдык. Тамырыбыз бир аз куурап бараткандай сезилет. А биздин тамырыбыз кайда? Касиеттүү кылым карыткан биздин каада - салттарыбызда! Мына биздин «Үйгө кайталы» деген принцибибиз ушунда». Түз эфирден кийин облустук телеберүүнүн жамаатына ийгиликтерди каалап, Түп районунун эли менен жолугушууга жөнөп кетишти.