Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Билим күнү менен куттуктады
Ардактуу агай-эжейлер!
Сиздерди «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын атынан 2015-2016- жаӊы окуу жылынын башталышы - Билим күнү майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Сиздер жаш муундарыбызга татыктуу билим-тарбия берүүгө бүткүл күчүңүздөрдү, талант-жигериңиздерди арнап келе жатасыздар. Эл-журтубуздун илим-билиминин, жалпы маданиятынын өсүшүнө кошкон салымыңыздар өтө зор. Биз мындан ары да республикабыздагы миңдеген мугалимдер менен тарбиячыларды социалдык жактан ар тараптуу коргоо, аларды эмгегине жараша баалоо, дегеле педагогдун коомдогу татыктуу ордун аныктап, беделин жогорулатуу багытында максаттуу иш- аракеттер жигердүү улантыла беришине ишенебиз.
Жаркын майрамыӊыздар менен чын жүрөгүбүздөн куттуктап, баарыӊыздарга бакыт-таалай,жарык маанай, ошондой эле ишиңиздерге албан-албан ийгиликтеди каалайбыз!
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары
А. Мадумаров А. Салымбеков