Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Быйыл айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн тамчылатып сугаруу системасы киргизилет
16 01 2015 12:00
“Быйыл айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн тамчылатып сугаруу системасын киргизүү негизги пландардын бири”, - деп бүгүн, 16-январда тегерек столдо Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, 2014-жыл аталган айыл чарба тармагына кыйын жыл болгон. “Быйыл кургакчылык жыл болуп оор жыл болду. Ошол кургакчылыктын алдын алууга тамчылатып сугаруу системасы киргизүү алдыдагы пландарга кирди. Ошондой эле күнөскана жана логистикалык борбор курууга көңүл бурабыз”, -дейт Э. Чодуев.
Эркинбек Чодуев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийин айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоого мүмкүнчүлүктөр болуп экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө боло турганын айтты.