Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Быйыл Мамлекеттик мүлк фонду дыйкандардан 20 миң тонна буудай сатып алат
24 09 2014 15:34
Быйыл Мамлекеттик мүлк фонду дыйкандардан 20 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдирди. Маалымат боюнча, буудайдын бир килограммы 15 сом деп бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата эгин Жалал-Абад облусунан 85 тонна, Ош облусунан 100 тонна жана Чүй облусунан 366 тонна кабыл алынды.
Буудай экспертиза борборунун кызматкерлери тарабынан “Кант-Дан-Азык” жана Москва районундагы “Агропромсервис” менен Кара-Балтадагы “Дан” ишканаларынын даны текшерилип, бардык нормаларга жооп берери аныкталды.