Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Былтыркы жылга карата утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 5000,0 миң сомдон жогору карызы бар
Көптөгөн мамлекеттик жана стратегиялык ишканалардан жана уюмдардан утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгүнөн түзүлгөн кырдаал пландын аткарылбашынын негизги себеби болуп эсептелинет. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев парламенттик жыйынында билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылдын 1-январына карата утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 5000,0 миң сомдон жогору карызы бар.
“Карызкорлор: Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципиалдык ишканасы 29193,3 миң сом, автотранспорт ишканасы 21729,4 миң сом, “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы 6859,6 миң сом, “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коому 17316,2 миң сом, “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалы 22061,6 миң сом, “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Караколдогу филиалы 7314,3 миң сом, “Нарынгидроэнергокурулуш” ачык акционердик коому 19324,2 миң сом, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коому 4512,7 миң сом”, - дейт М. Абулгазиев