Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Былтыркыга салыштырмалуу тоюттун баасы 100 сомго кымбат
07 10 2014 11:19
Өлкөдө бир түк чөптүн баасы орточо эсеп менен 210 сом болууда. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тоюттун баасы 100 сомго кымбат. Ал эми саманга болгон баа 90 сомдон 200 сомго чейин деп бааланууда, иш жүзүндө 145 сомдон сатылып жатат. Быйылкы жылда тоютттун баасы кымбаттаганына өлкөдөгү климаттык абал жана суу тартыштыгы себеп.
Бир түк чөп Баткен облусунда 190-200сом, Жалал-Абадда 170-180сом, Ысык-Көлдө 180-200сом, Нарында 200-250сом, Ош облусунда 200-250 сом, Таласта 200-250 сом, Чүйдө 210 сом деп бааланууда.