Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ч. Айтматовду эскерүүгө келгендер анын бүткүл дүйнөгө жайылтуунун аракеттери кандай жүрүп жаткандыгын талкуулашты
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы кечээ 10-июнда өтүп, ага УИАнын гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев баш болгон окумуштуулар, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүүчүлөр, акын-жазуучулар катышты.
Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда УИАнын басма сөз кызматы билдирди
Эскерүү сөздөрү багышталып, эскерүүгө келгендер тарабынан жазуучунун чыгармаларын бүткүл дүйнөгө жайылтуунун аракеттери кандай жүрүп жаткандыгын, дагы кандай иштерди жасоо керектиги айтылды.
“Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтып, муундан-муунга калтырышыбыз керек. Чыгармаларды жалаң гана адабият изилдегендер эмес, башка кесиптин ээлери да билиши керек. Айтматовдун жашаган мезгилиндеги учур башка, ал эми бүгүнкү учур башка. Бирок Чыңгыз атабыздын чыгармалары дайыма актуалдуу экендигин ачып, кайра түшүндүрүп берип туруу – биздин, адабиятчылардын парзы. Себеби Айтматовдун чыгармалары тилдик, адабий, философиялык жана педагогикалык жактан катмарланган, абдан терең, аны комплекстүү изилдөө зарыл” - дейт академик А.Акматалиев.