Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ч. Турсунбеков «Бишкек арак-ликер» заводуна тиешеси жок экенин билдирди
06 02 2015 10:07
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Бишкек арак-ликер” заводуна тиешеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, ачык эле каралоо башталып, “Бишкек арак-ликер” заводун жакындаткандар болууда.
Акыркы учурда ММКларга чыккан Чыныбай Турсунбеков Бишкек арак-ликер заводун С. Ибраимовго 6 миллион АКШ доларына сатты деген мааалымат чындыкка коошпойт. Буга байланыштуу депутат жалган мааалымат тараткандарды сотко берерин айтты.
Мындан тышкары, Чыныбай Турсунбеков сөз эркиндигин сыйлаарын, биздин өлкөдө эч адам өз пикирин бирөөгө таңуулай албасын эскертип, ошол эле учурда көчө ушагынын деңгээлинен чыга албаган оппоненттерине саясый күрөштө саясий маданияттуулукка чакырат.