Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ч. Турсунбеков: Жетим балдар интернатты бүткөндөн кийин көчөдө калып жатышат
05 06 2015 12:19
Бойго жеткен жетим балдарды турак-үй менен камсыз кылуу маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, жетим балдар интернатты бүткөндөн кийин көчөдө калып жатышат. “Мамлекет болсо, алар үчүн жатакана курууга каражат жок деп отурат. Жетим балдар үчүн болгону бир жатакана куруп койсок деле жетиштүү болмок. Кантип эле ушуга каражат табылбасын?”, - дейт Ч. Турсунбеков.