Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жаштары Д. Орунбековду колдоо акциясы ѳткөрүштү
Россиянын Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жаштары “maalymat.kg” сайтынын башкы башкы редактору Дайырбек Орунбековду колдоо акциясын ѳткөрүштү. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков билдирди. Анын айтымында, акциянын катышуучулары соттон адилет чечим чыгаруусун талап кылган. Алар колдоруна “Челябинск. Кыргыз жаштары Дайырбек Орунбеков менен бирге” деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Эске салсак, бүгүн, 26-январда Бишкектеги 1-май райондук соту maalymat.kg сайтынын башкы редактору Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти карайт.
Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишине “Жаңы жүздөр” гезитинин Анара Юсупова аттуу журналисттин макаласы себеп болгон. Макалада Орунбеков maalymat.kg сайтына бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазган.