Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Чычкан капчыгайында кургак чөп, арча, карагай жана кайың өрттөнүп жатат
14 08 2015 09:19
Токтогул районунун Чычкан капчыгайында 20-30 гектар жердеги кургак чөп арча, карагай жана кайың өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, кечээ, 13-августта саат кечки төрттөн өткөндө Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө тийешелүү кызматтардан кишилер тартылып, карангы болуп калгандыгына байланыштуу өрт өчүрүү иштери токтотулган. Өрт толугу менен өчүрүлгөн эмес.
Бүгүн, 14-августта өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 17 кызматкери жөнөп кетти. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.