Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү улантылууда
17 08 2015 16:56
Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-авустта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-августта таңкы саат алтыда Чычкан капчыгайындагы өрттү кол күчү менен өчүрүүгө 204 тиешелүү кызматкерлер катышты.
Болжол менен 45 гектар жердеги кургак чөп жана бадалдар күйгөн. Учурда түтөп турат, өрт жалындап кетүү коркунучу сакталууда. Токтогул райондук токой чарбасынан 15 киши кооптуу аймакты байкоого алуу үчүн Чычкан капчыгайында калышты.
Эске салсак, 13-августта саат кечки төртөрдө Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында болжол менен 45га чамасында кургак чөп жана бадалдар күйгөн.