0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Общество

    Чыныбай Турсунбековдун «Дордой» Ассоциациясынын 25 жылдык маарекесине карата куттуктоосу

    Чыныбай Турсунбековдун «Дордой» Ассоциациясынын 25 жылдык маарекесине карата куттуктоосу
    06 12 2016 13:08

    Кече Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик  филармонияда «Дордой» ассоциациясынын 25-жылдык мааракесине арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ал жерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Спикери Чыныбай Турсунбековдун куттуктоо сөзү окулду.   

    Куттуктоо тексти:

    Ардактуу «Дордой» ассоциациясынынжалпы жамааты!

    Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан ассоциациянын 25 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!

    Урматтуу мекендештер!

    Өлкөбүздүн эгемендикке жетиши менен кошо улуттук экономиканы колдоо багытында өз ишин баштаган "Дордой" ассоциациясы чейрек кылымдык мезгилден бери ар түрдүү тармакта кызмат көрсөтүп келет. Тагыраагы, аталган ассоциация бир катар соода комплекстерин, эмерек жана бир катар курулуш каражаттарын чыгарган өндүрүш мекемелерин, маданий-спорттук жайларды иштетүү менен бирге жүк ташуу, пайдалуу кен байлыктарын иликтөө, каржылык, укуктук жана медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында кыргызстандыктар үчүн олуттуу иштерди аткарууда. Ошондой эле "Дордой" социалдык-гуманитардык багыттардагы маанилүү демилгелерди көтөрүү менен катар футбол жана көк бөрү боюнча клубдарды түзүп, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүүдө. Натыйжада ассоциациянын жардамы менен көптөгөн жарандарыбыз саламаттыгын чыңдап, жумуш орундарыменен камсыздалууда. Андан тышкары, таланттуу жаштарды көтөрүүнү жана муктаж жарандарга көмөк көрсөтүүнү адат кылган ассоциация көптөгөн мектеп, оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге да колдоо көрсөтүү менен алек.

    Урматтуу «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Мааткабылович!

    Сиз жана сиз жетектеген ассоциация эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарга карабай, жалпы кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга салым кошуп, өлкөнүн бутуна турушуна жардамчы болдуңуздар! Базар экономикасынын алкагында жаралган көйгөйлөргө каршы иммунитет түзүп, соода тармагына кадам таштагандарга жакшы түрткү бердиңиздер! Айрыкча, Борбор Азиядагы ири базарлардын катарында турган "Дордой" базары азыркыга чейин өлкө экономикасынын башкы түркүгү болуп келет. Андыктан, жалпы кыргыз эли сиздердин баардык демилгеңиздерге ыраазы!

    Ардактуу "Дордой" ассоциациясынын мүчөлөрү!

    Дагы бир жолу маарекеңиздер менен куттуктап, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана мыкты-мыкты жетишкендиктерди каалайм! Бар болуңуздар! Кыргызстан сиздердей жакшы демилгелүү жарандарга муктаж экенин унутпаңыздар!

             Урматтоо менен,

    Кыргыз Республикасынын

    Жогорку Кеңешинин Төрагасы          Чыныбай Турсунбеков

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *