Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Бекешев ишканаларды мыйзамсыз текшерип жаткан коомдук уюмдардын иши мыйзамсыз экенин айтты
28 05 2015 11:06
Бишкектеги Фучик паркында жер тилкеси сатыкка коюлган туура эмес. Бул тууралуу «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ЖКнын жыйынында билдирди.
Ал, бул маселе боюнча президенттик аппараттын өкүлдөрүнө кайрылды. Аларды Башкы прокурорго бул боюнча тапшырма берүүсүн сунуштады.
Ошону менен катар эле, ишканаларды мыйзамсыз текшерип жаткан коомдук уюмдардын иши мыйзамсыз экенин айтты. «Алар милиция эмес да. Алардын көтөрүп жаткан маселелери туура, бирок аны текшерүүчү тиешелүү органдар иштеш керек», - дейт Д. Бекешев.