Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Догоев: Биометрикалык паспортту жаран өз ыктыяры менен алышы керек
12 01 2015 10:20
Биометрикалык паспортту жаран өз ыктыяры менен алышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев бүгүн, 12-январда Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жаран чет өлкөгө чыкпаса, биометрикалык паспорттун муктаждыгы жок болсо ID-карт же чет өлкөлүк паспорт менен жүрсө болот.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтар камтылган паспортторду кабыл алуу максаты - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу экенин айткан.
Биометрикалык паспорт биринчи жолу АКШ 2006-жылдан тартып колдонуп баштаган.