Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Ниязалиева: Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек
05 06 2015 11:53
Вице-премьер министр Дамира Ниязалиева КСДП фракциясынын жыйынында ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек экенин айтты.
Дамира Ниязалиева бул маселе боюнча ЖКнын депутаттарынан мыйзам чегинде жардам берүүлөрүн суранды. “Ал эми балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылсын. Социалдык анализ жүргүзсөк, ндай адамдар ичимдикке берилип кеткендер, билими тайкылар экен. Биз мындайлардан коомду тазалашыбыз керек”, - дейт Д. Ниязалиева.
ЖКнын КСДП фракциясынын жыйынында балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралып жатат.