0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Д. Сооронбаев: Шайлоону мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өткөрөлү

    Д. Сооронбаев: Шайлоону мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өткөрөлү
    13 09 2015 17:13

    Баарыңыздарга маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болгону турат. Бул саясий өнөктүктүн мааниси зор.

    Кыргызстандыктар буга чейин өткөрүлгөн таза эмес шайлоолордон тажап бүттү. Эгемендик жылдарында канча шайлоо болсо, дээрлик ошончо жолу мыйзамды одоно, уятсыздык менен бузууга жол берилди. Айрым саясий күчтөр шайлоочулардын добушун сатып алууга барышса, кээ бир саясий күчтөр административдик жана башка ресурстарды каалагандай колдонушту. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгы калайык калктын таламдарына туура келбей, журттун ыркы кетип, ынтымагы бузулду. Эки президент чет мамлекеттерге качты. А түгүл республикабыздын аймактарында, борборунда кан төгүлүп, күнөөсүз бир туугандарыбыз көз жумушту. Сиздер анын баарын баштан кечирдиңиздер. Кимдин ким экенин, кимдин ою кандай экенин жазбай түшүндүңүздөр.

    Урматтуу шайлоочулар! Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында бизге, саясатчыларга, бүткүл журтубузга да мурда кетирген кемчиликтерибизди оңдоого тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы сиздерди ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чын дилден чакырат.

    Биздин партия башынан эле шайлоо өнөктүгүн мыйзам тарабынан белгиленген тартипте гана өткөрүүнү жактап, баардык саясий күчтөрдү ушул чакырыкка кошулууну сунуш кылган.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы шайлоо өнөктүгүнүн учурунда элге куру убада бербейт, шайлоочулардын добушун акча жана башка материалдык кызыктыруулар аркылуу сатып алууга барбайт, административдик ресурстарды колдонбойт, мурда бүткөргөн иштерин кайра-кайра кайталап айтып, колко кылбайт. Мындай жол –биздин жол эмес.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын күчү анын так программасы менен шайлоо алдындагы тепкичи. Биз ар кайсыны бир айтып, элдин башын адаштырбай, өз үйүбүзгө, тээ Манас атабыздан бери калыптанган рухий баалуулуктарыбызга кайталы деп келебиз. Бул, биринчиден. Экинчиден, «экономика, экономика жана дагы экономика» деп баса көрсөтүүдөбүз.

    Биздин лидерлерибиз, партиянын теңтөрагалары Адахан Кимсанбаевич Мадумаров менен Аскар Мааткабылович Салымбеков жер-жерлердеги шайлоочулар менен болгон жолугушууларда Кыргызстанды цивилизациялуу жол менен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуунун механизмдерин түшүндүрүүгө басым жасашууда. Алардын негизгилери жумуш орундарын көбөйтүү, кооперацияларды түзүү, орто жана кичи бизнести колдоо, кен байлыктарды казууга

    жана андан түшкөн кирешени бөлүүгө жергиликтүү тургундарды тартуу. Саясий жагынан болсо, болочокто Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкарууну түзүү менен, коомубузда кеңири жайылган коллективдүү жоопкерсиздикти жоюп, мамлекетибиздин тышкы, ички коопсуздудугун камсыз кылып, турмушу тартыш үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо болуп эсептелет.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы бул жолку шайлоонун мыйзамдын чегинде, толук кандуу уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө салымын кошот. Себеби, шайлоо ушундай багытта өткөндө гана элибиз-жерибиз деп талбай күйгөн уул-кыздарыбызга жол ачылат.

    Партиянын миңдеген мүчөлөрү жана он миңдеген жактоочулары, санаалаштары ушундай пикирде экенине ишенебиз. Анткени бул кыргыз элинин, жалпы Кыргызстандыктардын, тилек-үмүтү. Келгиле, элдин үмүтүнө муздак суу сеппейли, ар бир шайлоочунун добушуна ак эмгегибиз менен арзыйлы. Ар бир добуш жүрөктөн берилсин, ал эми жүрөгүбүз элим, жерим, чындык деп соксун?!

    Кыргызстандын 5 жылдык келечегин тандоо укугу ар бириңиздердин колуңуздарда, өлкөнүн тагдыры сиздердин тандооңуздарда. Бүтүндөй Кыргызстан Эмгек менен өркүндөсүн!

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *