Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Тербишалиев: Зайымчыларды саясий күчтөр курал катары колдонуп кетиши мүмкүн
Тынч митингге чыккан зайымчыларды күч колдонуп кармап кеткен милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратура иш козгош керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги парламенттик жыйында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.
Анын айтымында, бир канча жаран насыя алып төлөй албай калып асынып өлгөн. «Алар радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн. Ооба алар өздөрү күнөөлү насыяны эч ким аларга мажбурлап алып берген эмес. Бирок биз социалдык мамлекет болгондон кийин аларга жардам беришибиз керек. Башка саясий күчтөр аларды курал катары колдонуп кетиши мүмкүн. Акаевдин жана Бакиевдин убагындагыдай ыкма иштеп жатат», - дейт Д. Тербишалиев.
Зайымчылар кечээ митингге чыгышкан. Бирок милиция кызматкерлери үзгүлтүккө учуратып, күч колдонуп кармап кетишкен. Аларды Биринчи Май райондук сотуна алып кетишкен. Зайымчыларга 500 сом айып пул салынган.