Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Жумабеков: Кийинки муун сыймыктанып жүрө турган ак-мөңгүлөрүбүздү калтырып кетишибиз керек
25 06 2015 12:47
Бүгүн, 25-июнда ЖКнын жыйынында «Ата-Журт» фракциянын депутаты Дастанбек Жумабеков «КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда гимнди окууду.
«Мамлекеттик гимнде биз өзүбүздүн элибизди аска-зоо, талааларыбызды айтып жатабыз. Бул мыйзам менен биз мөңгүбүзгө тийишип жатабыз. Кийинки муундар сыймыктанып жүрө турган ак-мөңгүлөрүбүздү калтырып кетишибиз керек. Бир ишкана үчүн мындай кадам жасоо туура эмес», - дейт Д. Жумбеков.
ЖКда «КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат. Анны агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет караган.