Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Дайынсыз жоголгон сузактык эки чабанды издөөгө 50 миң сом бөлүндү
20 10 2014 15:28
Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 8-октябрь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Көк-Суу жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен каза болгон Сузак районундагы Беш-Мойнок айылынын тургуну Толкунбай Абдыровдун үй-бүлөсүнө 50 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Буйрукка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Маалымат боюнча, Алмазбек Атамбаевдин ошол эле буйругу менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна койлорун айдап чыгып кетишип, дайынсыз жоголушкан Сузак районунун тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиевди издөө иштерин улантууга 50 миң сомдон бөлүндү.