Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок
12 08 2015 10:41
Бүгүн, 12-августта Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылып, Данияр Нарымбаев 15-сентябрга чейин абакта кармалат.
Белгилей кетсек, Данияр Нарымбаев мурдагы депутат Нариман Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берүү үчүн Түлеевдин кызынан пара алган деп шектелүүдө. Нарымбаев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, бул бийликти жаманатты кылуу аракети деп билдирүү тараткан болчу.