Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү керек
05 06 2015 10:52
Дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү керек экенин КСДП фракциясынын депутаты Нурбек Касымбеков айтты.
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдигине кирсек, Кыргызстанда айлыгы аз болсо, Казакстанга же Россияга кетип калышы мүмкүн.
“Акыркы жылдары көпчүлүк сергек жашоого багытталган жерлерге барбай, кафе, рестарандарга барып жатышат. Ушундай көрүнүштү жоюу үчүн спорт агенттиктин потенциалын көтөрүү зарыл”, - дейт Н. Касымбеков.
Учурда ЖКнын КСДП фракциясынын жыйынында массалык спортту өнүктүрүү боюнча чукул чаралар жөнүндө талкуу болуп жатат.