Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Э. Каптагаев С. Жапаров китебинде жазган маалыматты далилдеп берсе саясаттан биротоло кетүүгө убада берди
Бүгүн, 8-январда Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаровдун китебинде өзү жөнүндө калп жазылгандыгы тууралуу социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Кайрылууда Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун китебинде жазган маалыматтарды далилдеп берсе саясаттан кете тургандыгын жазган.
“Мамлекеттик кызматтан, саясаттан дагы кетип, айылда эле жер айдап, мал багып жан багууга өтөм деп сөз берем! Ошол кылмыш кылганым чындык болсо, мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга даярмын, менин үстүмөн кайрадан кылмыш ишин козгоп, камакка алууну Прокуратура жана башка органдардан талап кылам.
Эгерде бул жердеги жалааларын далилдей албаса анда Нуркожо ажынын уулу Садырдын жоопкерчилигин өзүм сурап алам, даяр болсун”, -деп кайрылган Э.Каптагаев.