Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Э. Каптагаев өзү тууралуу Жапаровдун китебинде жазылгандарды четке какты
Экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китебинде Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун өкүлү Эмилбек Каптагаев өзү жөнүндө жазылгандарды социалдык тармактан четке какты.
Китепте Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдөгү биосфералык экологиялык аймактын башчысы болуп турган мезгилде коррупциялык иштерге аралашкан деп жазылган.
“Биосфералык аймактын жамааты азыр деле иштеп жатат. Финполиция азыр деле турат, ал жактагы архивдик документтер деген бар. Жапаров жазып жаткандай мен ошол жерден бир тыйын уурдап, анан кылмыш иши козголуп, акчаны ордуна коюп иш жабылган болсо жок дегенде бир барак документ же ошол ишти текшерген, иш козгогон бир киши табылат болушу керек. Муну Жапаров далилдей албаса мыйзам алдында дагы, жеке менин алдымда дагы кадимки эле "эркекче" жооп бере турганын эл-журттун алдында ачык айтып коюуну туура көрдүм”, - деп Э. Каптагаев социалдык тармакка жазып чыкты.
Жакында Садыр Жапаровдун 12 бөлүмдөн турган “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китеби жарык көргөн.