Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Э.Сариева: “Билим берүү тармагындагы реформалар 3 багыттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”
Бүгүн, вице-премьер-министр Эльвира Сариева Азия өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Батыш Азия өлкөлөрү боюнча департамент директору Клаус Герхаузер менен жолукканда билим берүү тармагындагы реформалар 3 багыттын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын айтты. Анын катарына стандарттар жана окуу-усулдук комплексинин, мугалим ишинин сапатын жакшыртуу, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча программаларды жакшыртуу кирет. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымат боюнча, “Тармактык министрлик тарабынан АӨБ кызматкерлери менен бирдикте “Билим берүү тутумун чыңдоо – тармакты өнүктүрүү программасы” жаңы долбоору иштелип чыккан, ал билим берүү тутумундагы реформалар жыйындысын өткөрүүнү шарттайт.
Клаус Герхаузер маалымдагандай, “Билим берүү тутумун чыңдоо – тармакты өнүктүрүү программасы” жаңы долбоору Азия өнүктүрүү банкына макулдашууга жөнөтүлгөн.
«29-30-сентябрда долбоор АӨБ Директорлор кеңеши тарабынан каралышы пландаштырылууда. Долбоор жактырылган учурда АӨБ билим берүү жаатын реформалоого болжол менен 22 млн долларын бөлөт, анын 10 млн долларга жакыны – бюджеттин түз колдоосу (SWAp), калганы программалык форматта ишке ашырылат. Менин ишенимимде, биргелешкен аракет аркылуу долбоордо көрсөтүлгөн бардык максаттарга жетишүүгө мүмкүн болот», — деди Клаус Герхаузер.