Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү талкууланды
15 10 2014 09:39
Вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев кечээ АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Даниэль Розенблюм кабыл алганда, эки мамлекеттин укук коргоо органдарын реформалоо, терроризм жана адам сатууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгын күчөтүү тууралуу талкууланды. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Вице-премьер министр Даниэль Розенблюмду кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ал эми АКШнын өкүлү эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө АКШга көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.