Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Экс-депутат Садыр Жапаров “Ата Мекен” партиясын колдойт
13 08 2015 17:24
Экс-депутат Садыр Жапаров “Ата Мекен” партиясын колдойт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Садыр Жапаров өзү билдирип, эмне үчүн бул партияны колдой туганын айтып берди
"Мен бардык партиялар менен баарлаштым. Баары эле президенттен коркуп, бирөөлөр менен тандап биригип жатышат. Эгер партия президентке каршы маанайда болсо, жылан басып алгандай чоочулашат. Анан кантип ошолор парламентке келип элдин кызыкчылыгын коргой алат? “Бас” деген кнопканы басып берип, маяна алып олтура беришеби? Аларга мамлекетти сатабыз десе да макул деген кнопканы басышат. Бир гана “Ата Мекен” тандаган жок. Ошол учун бийликтин тизгинин тартып турган бир партия болуш керек. Бул партия жакшыбы жаманбы башка маселе", -дейт С. Жапаров.