Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эл аралык валюта фонду үч жылдык кеңейтилген насыялык макулдашууну ийгиликтүү аяктаган
Бүгүн, 10-ноябрда, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун Жакынкы чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин жетекчиси Эдвард Гемайл баштаган делегацияны кабыл алганда кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
А.Жээнбеков Кыргызстан ЭВФ менен кызматташууга өзгөчө маани берет жана аны маанилүү өнөктөш катары санайт. Ошондой эле үч жылдык кеңейтилген насыялык макулдашууну ЭВФ ийгиликтүү аяктаганын, аталган программанын 2015-жылдын июнь айына карата жыйынтыгын канааттануу менен белгиледи.
ЭВФ департаментинин жетекчиси Э.Гемайл Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерин улантууга жана аны андан ары өнүктүрүүгө дилгирлигин билдирди. Буга байланыштуу ЭВФ Кыргызстанды колдоо багытында жаңы программаны ишке киргизүү үчүн КРнын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдады. «Негизги артыкчылыктар катары, мурдагы программада камтылгандай, бюджетти чыңоону күчөтүү, банк жана каржылык секторду бекемдөө, ошондой эле экономика тармагында түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашыруу», - дейт Э.Гемайл.
Ошондой эле тараптар жаңы үч жылдык программаны жакынкы аралыкта бекитүү зарылчылыгын белгилешти.