0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Славим Человека Труда

    Эл ишеничин актаган жаш ишкер Эрнст Сооронбаев

    Эл ишеничин актаган жаш ишкер Эрнст Сооронбаев
    04 06 2015 13:30

    Эл ишеничин актаган жаш ишкер!

     «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын активисти Сооронбаев Эрнст Дүйшөмбүевичти партиянын мүчөлөрү гана эмес, Ысык – Көл облусунда таанымал. Анын облустун элине жасаган иштери менен жергиликтүү калк жакындан билет. Жаш ишкер Эрнст Сооронбаевдин Балыкчы шаарындагы  мындай аянтчаларды жаӊылоого демɵɵрчүлүк иштери, шаардын жаш тургундарынын спортко болгон кызыгуусун ɵркундɵтүүгɵ  салымы зор.

    �м�

    Балдар биздин бактыбыз.

    1-июнь, балдар күнүнɵ карата Ысык-Кɵл облусундагы Балыкчы шаарынын маданият үйүндɵ оюн-зоок программасы  уюштурулду.  Иш-чарага 400дɵй ата-эне жана балдар күбɵ болушту. Иш-чара чакан майрамдык концерт менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндɵ эстрада жылдыздары балдарды майрамы менен куттуктап, жагымдуу чыгармаларын тартуулашты. Жаш жеткинчектердин сүймɵнчүгү болгон  куурчак театры келип, балдар үчүн кызыктуу майрамдык номерлерин коюшуп, бийчилер болсо ɵздɵрүнүн ɵнɵрлɵрүн кɵрсɵтүп, элге жагымдуу маанай тартуулашты.  Уюштуруучулардын атынан балдарга түрдүү куурчактар, оюнчуктар белекке берилди.

    Ð�мÑ�    Ð�мÑ�

    20 жылдын бери кароосуз калган балдар аянтчасы.

    Алардын ичинен балдар үчүн эӊ чоӊ белек - жаӊы, заманбап балдар аянтчасынын ачылышы болду. Эскерте кетсек, айыл тургундарынын айтымы боюнча, Балыкчы шаарында 20 жылдан бери мындай аянтчалар оӊдолуп, түздɵлбɵй келген. Бул маселе учурда шаардагы кɵйгɵйлүү маселелердин бири болуп, кɵп аянтчалар жарактан чыгып, ушул күнгɵ чейин кɵӊүл бурулбай келгенин билдиришти. Ошондой эле жакын арада, Балыкчы шаарында дагы ушундай  5 заманбап, жаӊы аянтчалардын ачылышы күтүлүүдɵ.

    �м�

    Эл ишеничин актаган жаш ишкер!

    Бул аянтчаларды оӊдоп, түздɵɵгɵ «Бүтүн  Кыргызстан  Эмгек» партиясынын мүчɵсү Эрнст  Сооронбаев аттуу жаш ишкер демɵɵрчүлүк кылды. Аянтчаны «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын  тɵрагасынын орун басары Кускаков Камчыбек салтанаттуу түрдɵ ачып берди. Аянтча ачылган соӊ, балдарга бекер балмуздактар таратылып, түрдүү оюн-зооктор уюштурулду.   Бул күнү балдар ɵздɵрүнүн кубанычын жашырышкан жок жана алар үчүн эсте калаарлык күндɵрдүн бири болду десек болот. Балыкчы шаарынын тургундарынын кɵйгɵйлɵрүнɵ кайдыгер карабай, балдар күнүнɵ карата уюштуруучулар, демɵɵрчү тарабынан тартууланган белектер бардык катышуучуларды, келген конокторду, жаш жеткинчектерди кубандырбай койгон жок. Уюштурулган бул майрамдык иш-чарага, катышкан бардык шаардын тургундары ыраазы болуп кайтышты. Айыл аксакалдары, шаар  тургундары демɵɵрчүгɵ, иш-чаранын уюштуруучуларына ɵз баталарын беришип, алардын астыдагы кийинки иштерине ийгилик каалап, жүздөрүндөгү кубаныч байкалып турду.

    Эрнст Сооронбаевге Балыкчы шаарынын тургундары ыраазы!

    «Бир жолу туз таткан жериңе – миң жолу салам бер» демекчи, Балыкчылыктар Эрнст Сооронбаевден абдан ыраазы! Анткени Эрнст Сооронбаев орто мектепти дал ушул, Балыкчы шаарынан окуп бүткөнүн айтып, бул жер менин экинчи үйүм, мындан ары да колдон келген жардамын берип, сиздер менен биргеликте жалпы көйгөйлөрдү бирге чечебиз деп, билдирди. Баракелде! Коомубузда ушундай эл жерин ойлогон,  жаштардан көбүрөөк болсо, жалпы элибиздин келечегине жарамак!

    Кайрымдуулук жана спорт.

    Каарманыбыз жогорудагы иштерден башка дагы спорт, ошондой эле кайрымдуулук иштерин четте калтырган эмес. Ынтымакты жана биримдикти чыңдоо максатында жаштардын арасында футболдук мелдештерди да уюштуруп келүүдө. Андан сырткары карылар үчүн да камкордук көрүп, энелердин эл аралык күнүндө өз белектерин тапшырган. Сооронбаев Эрнсттин ушундай жакшы саамалыктарды уюштуруп элине ак кызматын кыла берүүсүнө тилектешпиз.

    �м�

     

    Комментарии

    1. Maco 01 09 2015 19:10

      Кайдагы жеке ишкер омур бою мамлекеттик кызматта журп тактап айтканда мамлекеттик каттоо кызматында белчесинен коррупцияга малынган адам. Анын колу менен канчалаган айдоочулук куболук базардагыдай элге сатылган кесепетинен жол кырсыгынан канчалаган кыйылган омурлор майыптар.эми ушул адам депутат болом деп атабы Ушуга окшогондор партиянын аброюн тушурот

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *