Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Элдик Курултай кыймылы 22-апрелде өтө турган курултайга жалпы кыргызстандыктарды чакырышты
25 03 2015 11:22
Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган бардык коомдук-саясий күчтөрдү ушул жана башка маселелерди талкулоо үчүн 22-апрелде Улуттук Улуу Курултайдын Үчүнчү жыйынын Бишкекте биргелешип өткөрүүгө бийликтегилерди жана жалпы жарандарды “Даанышман” кеңешинин мүчөсү Бердибек Жумабаев бүгүн, 25-марттагы маалымат жыйынында чакырып өттү.
Анын айтымында, Элдик Курултай кыймылы өлкөнү тынчтык жол менен жаңылоону сунуштайт.
“Парламенттик шайлоого шашылбай, “Люстрация”, “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдарды кабыл алып, Баш мыйзамды улуттук кызыкчылыкка ылайык реформалоо маселесин шайлоого чейин кечиктирбей чечүү зарылдыгын белгилейбиз”, -дейт Б. Жумабаев.