Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эльвира Сариева: "Социалдык тармактын кызматкерлери ар дайым элдин жыргалчылыгын ойлойт”
17 10 2014 16:39
Бүгүн Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу жыйынга катышып, аларды куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз эли балдарга, карыларга жана мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга дайым кам көрүп келген. Социалдык тармактын кызматкерлери ар дайым элдин жыргалчылыгын ойлойт. Өздөрүнүн иши менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле 1-октябрдан баштап пенсиялар дагы бир жолу көтөрүлдү. Муну менен пенсиясы жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумуна жетпеген пенсионерлердин саны кыскарат. Пенсиялык реформа кошумча позитивдүү жыйынтыктарга жетүүгө жол ачат", - дейт Э.Сариева.
бул сөздөр негедир чындыкка окшобой кететсип жатат