Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эльвира Сариева УИАнын президенти Абдыганы Эркебаевди кабыл алды
Бүгүн Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен жолугушуп, тараптар илимди колдоо үчүн мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүү натыйжасыз болуп жатканын, кыргыз илимин өнүктүрүүнү талкуулашты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Э.Сариева академиялык чөйрөнү аталган академияны реформалоо боюнча баарлашууга жана кеңири кызматташууга чакырды.
“Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. КР УИА реформалоо боюнча талаптар жана критерийлер илимий коомчулук тарабынан иштелип чыгат. Дал ошондуктан биз илимди реформалоо иши натыйжалуу болуусу жана жаңы дүйнөлүк технологиялык түзүлүш алкагында ал өзүнүн тийиштүү орун алуусу үчүн кызыкдар маморгандар жана илим ишмерлери аралык пикир алмашуу үчүн аянтчаны түзүүбүз зарыл», — дейт Эльвира Сариева.