Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Эмгек» менен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын кошмо жыйыны башталды
21 05 2015 11:36
Бүгүн, 21-майда «Эмгек» менен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын кошмо жыйыны башталды. Жыйынга республиканын аймактарынан аталган партиянын өкүлдөрү катышууда.
«Эмгек» саясий партиясынын лидери Аскар Салымбеков, өз сөзүндө жакшы команда түзүп, Кыргызстанды оңойлу деген максат менен эки партия биригип жатканын айтты.
Ошону менен катар эле, Аскар Салымбеков партияда эки тең төрага боло турганын билдирди. «Биздин партиянын өзөгү - Кыргызстандын экономикасын эмгек аркылуу жогорулатуу», - дейт А. Салымбеков.