Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ПартияNews - Новости
"Эмгек” партиясы “Улак тартыш” улуттук оюнун Ош областынын Кара-Кулжа районунда уюштурду
Эмгек” партиясы кыргыздын “Улак тартыш” улуттук оюнун 15-мартта жекшембиде¸ Ош областынын Кара-Кулжа районунда уюштурду. Улак тартышка Ош областынын бардык райондорунан, Баткен жана Жалал-Абад областтарынан бардыгы болуп 1000ден ашык спортсмен катышты. Ал эми оюнду үч миңден ашык адам көрүп, ырахат алышты.
Спорт майрамына "Эмгек" партиясынын лидери, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да катышып, чогулган элди Нооруз майрамы менен куттуктады жана мындай мелдештерди өткөрүп туруу салтка айланаарын баса белгиледи.
Оюндун жүрүшүндө балбандыгы, чапчаңдыгы жана өткүрлүгү менен айырмаланган улакчылар чоң байгелерге ээ болушуп, уюштуруучуларга ыраазы болушту. Анткени, улакчылар үчүн байгеге 10 жылкы, 2 уй, 5 кой, 30 телевизор, 30 видеоплеер, 30 жылыткыч, 30 термочайник байгеге сайылган эле. Спорттук мелдешти уюштурууга “Эмгек” партиясынын мүчөсү Нурзат Курманбековна Осмонова демөөрчү болуп, спортсмендерди шыктандырды.
Жергиликтүү тургундар жана жаштар “Эмгек” партиясынын демилгесине ыраазы болушуп, мындай спорттук мелдештерди дайыма өткөрүп турууну өтүнүштү. Ал эми жергиликтүү аксакалдар спорттук майрамдын алдында чайга чогулушуп, “Эмгек” партиясынын демилгесин колдоо менен бирге жаштарды ынтымакка, достукка чакырышып, өз мекенинин мекенчил атуулу болууга үндөштү жана ак батасын беришти.
“Эмгек” партиясынын алдына койгон негизги багыттарынын бири айыл жеринде спортту өнүктүрүү жана жаштар арасында жайылтуу.
Эмгек менен эл көгөрөт!