Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эпизоотикалык абалды туруктуу кармап турууга республикалык бюдежеттен 374 миллион сом керектелет
Эпизоотикалык абалды туруктуу кармап турууга республикалык бюдежеттен 126 миллион сом суралды, бирок 374 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы эпизоотикалык абалды көзөмөлгө алуу үчүн профилактика иш-чара жарыяланып, ветаптекалар текшерилген.
“Бишкекте текшерүү иши жүргөндө талапка жооп бербеген 20 ветаптека жабылды. Ошондой эле Токмоктун жана Сокулуктун базарлары текшерүүгө алынды”, -дейт С. Осмоналиев.
Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Байымбет Мураталиевдин айтымында, бүгүнкү күндө шарп, сибирь жарасына жана башка оорууларга карата малдарга вакцина жасалбаса абал кыйын болуп калат.