Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең, 23-ноябрда КТРКнын башкы директорун тандоо болот
Эртең, 23-ноябрда КТРКнын башкы директорун тандоо болот. Мындай маалыматты TOPNEWS.KG маалымат порталына КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Фархат Бекмамбетов билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин корпорацияны өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу сунуштарын угуу эртең мененки саат эртең мененки ондо башталат. Бардык талапкерлер менен аңгемелешүүлөр аяктагандан кийин добуш берүү бюллетендери аркылуу жашыруун жүргүзүлөт. Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн 10 добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Буга чейин КТРКнын башкы директор талапкерлерлигине ат салышкан 10 талапкер эки сынактан өткөн.
Талапкерлер: Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев.
Мурдагы Башкы директор Кубат Оторбаев 24-июлда Байкоочу кеңешке 1-августтан баштап өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берип, арызы канааттандырылган.
Учурда КТРКнын Башкы директорунун милдетин Султан Жумагулов аткарууда.