Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең «Ар-Намыс» партиясы парламентке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитүү максатында съезд өткөрөт
14 08 2015 10:31
Эртең, 15-августта “Ар-Намыс” партиясынын съезди өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдырахманов билдирди.
Маалымат боюнча, съезд “Ак-Кеме” мейманканасында өтүп, аталган партиянын парламентке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилет.
Эске салсак, 11-августта ЖКнын депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков жана коомдук ишмер Кубатбек Байболов парламенттик шайлоого “Ар-Намыс” партиясы менен бара турганын билдирип, маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Равшан Жээнбеков “Ар-Намыс” партиясы менен бириккенинин 3 себебин атаган. Ал биринчиси алардын басып өткөн жолу, экинчиси парламентаризмди колдогону, ал эми үчүнчүсү болуп мамлекеттеги кризис экенинин айткан.