Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең “Балдарды коргоп, өлкөнүн келечегин сактайбыз” деген аталыштагы тынч митинг өтөт
03 03 2015 11:57
Эртең, 4-мартта Бишкекте “Балдарды коргоп, өлкөнүн келечегин сактайбыз” деген аталыштагы тынч митинг өтөт.
Акциянын максаты – балдарга карата зомбулук көрсөтүп жаткандарга мамлекеттик институттардын, коомчулуктун көңүлүн буруу.
Уюштуруучулар тынч митинг эки саатка созула турганын белгилешкен.
Мындан тышкары, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы жарандардын баарысын өздөрүнүн катарына кошулууга чакырышты.