Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең Бишкек шаарына - 136 жыл
10 10 2014 16:07
Эртең Бишкек шаарынын 136 жылдыгына арналган спорттун армрестлинг, стол тенниси, шахмат, стритбол, тогуз коргоол, ордо жана аркан тартыш түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, түшкү саат үчтө шаардын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда веложүрүш борбор калаанын Ала-Тоо аянтында болот. Бул күнү кечинде Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада ырчылары шаар тургундарын жана конокторду куттуктап, майрамдык концерт беришет.