Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең Бишкекте «Биз сергек жашоо үчүн» жана «Конституциям менин тумарым» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт
Эртең, 18-июнда Бишкекте»“Биз сергек жашоо үчүн» жана «Конституциям менин тумарым» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган жүрүштүн уюштуруучулардын бири Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, веложүрүш Фейсбук социалдык байланыш тармагынын активдүү колдонуучуларынын демилгеси менен өтөт.
«Иш-чара эртең саат кечки алтыда «Ак Кеме» мейманканасынын алдынан башталып, Орто-Сай айылынын үстүндѳгү Боз-Бѳлтѳк тоосунда жайгашкан Кыргызстандын желегине чейин уланат. Веложүрүшкѳ жарандык активисттер, ЖКнын депутаттары, Фейсбук социалдык байланыш тармагынын колдонуучулары, саяий партиялардын мүчѳлѳрү, коомдук бирикме ѳкүлдѳрү да катышууга даярдык кѳрүшүүдѳ», -дейт Д. Орунбеков.
Веложүрүшкө катышууну каалагандар 0 559 444 429, 0556 660 024 номерлерине байланышса болот.