Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең “Калыс” саясий кыймылынын өкүлдөрү митинг өткөрүшөт
04 02 2015 15:42
Эртең, 5-февралда Ак үйдүн алдында “Калыс” саясий кыймылынын өкүлдөрү митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, алар бир нече талаптарды койгон.
“Педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү жана мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энесин, балдарын жетимдер же карылар үйүнө таштап койгондорду Жогорку Кеңеште карап чыгышын талап кылабыз”, - дейт Ж. Молдакматов.
Мындан тышкары, Жеңиш Молдокматов митингге көптөгөн уюмдар чакырылганын айтты.