Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең Таласта активисттер Жерүй маселесин талкууга алышат
29 06 2015 16:22
Эртең, 30-июнда Таласта Жерүйдүн ачылышына каршы талкуу болот. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Төрахан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, «Манастын күмбөзүнө» барып куран окулуп, ооз ачуу, түлөө болот. «Таластын активисттери чогулуп, Жерүй маселесин талкуулашат», - дейт Т. Жунусбеков.
Эскертсек, буга чейин Таласта бир нече жолу Жерүйдүн иштетилишине каршы жыйындар өткөн. Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.