Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең Таласта Жерүйдүн иштетилишине каршы митинг өтөт
01 07 2015 09:50
Эртең, 2-июлда Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында Жерүйдүн иштетилишине каршы митинг өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, митингге жергиликтүү калк катышат. Буга чейин айрым Таластын активисттери бир нече жолу Жерүйдүн иштешине каршы акцияларды өткөрүп келишкен.
Эске салсак, Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.