Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең Токтонасыров нааразычылык акция өткөрөт
10 06 2015 13:09
Эртең, 11-июнда укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдында митинг өткөрөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына жарандык активист өзү билдирди.
«Эмне үчүн Канжар Кадыралиев Ошто ээн-эркин басып жүрөт? Биз кайсы, кандай мамлекетте жашап жатабыз? Кадыралиевден запкы жеген бир топ жарандар мага кайрылышкан. Ошолордун ичинен эртең Мирлан аттуу жигит үй-бүлөсү менен бирге митингге чыгабыз. Эртең ЖКнын депутаттары чыкканча биз отуруп алабыз», - дейт Ө. Токтонасыров.