Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Эртең өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активисттер дагы митингге чыгышат
09 02 2015 15:05
Эртең, 10-февралда Ак үйдүн алдында митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда TOPNEWS.KG маалымат порталына “Таза оппозициялык кыймылынын” төрагасы Назарбек Нышанов билдирди. Анын айтымында, алар төңкөрүш, кан төгүү, революцияга, башаламандыкка каршы. “Парламенттик шайлоодо коррупционерлердин шайланышына каршыбыз. Ошондой эле Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча кол коюлган келишимди ЖК тарабынан тез аранын ичинде ратификациядан өткөрүүнү талап кылабыз”, - дейт Н. Нышанов.
Мындан тышкары, Назарек Нышанов ЖКдан жооп болбосо мөөнөтсүз акция өткөрүшө тургандыгын билдирди.
Эске салсак, аталган кыймылдын өкүлдөрү 3-февралда ушул маселелердин негизинде митинг өткөрүшкөн.