Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ф. Ниязов: “Президент башкы прокурорго тапшырма берди”
“Алмазбек Атамбаев Расул Үмбеталиевдин Президенттин тегерегиндеги азыркы чиновниктерге карата кылмыш ишин козгоо боюнча документтер бар же жоктугу боюнча маалыматын терең териштирүүнү талап кылды”,- дейт Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын жаңы жетекчиси Индира Жолдубаевага бул маалымат боюнча бардык жагдайларды аныктоо милдетин тапшырды.
“Президенттин пикири боюнча Башкы прокуратурада мындай документтер бар же жоктугу тууралуу, эгерде бар болсо, эмне себептен тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлбөй же кылмыш иштери козголбогондугу туурасында коомчулук ачык жооп алууга тийиш”, -дейт Ф. Ниязов.
Белгилей кетсек, 27-февралда Расул Үмбеталиев маалымат жыйында "Аида Салянованын кызматтан кетишинин негизги себеби - ал башкы прокурор болуп турганда президенттин айланасындагы чиновниктерге кылмыш ишин козгоо боюнча документтерди даярдаган", - деп билдирген эле.