0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кыргыз пресса

    Феликс Кулов «Чакан ГЭС» АКны менчиктештирет экен

    Феликс Кулов «Чакан ГЭС» АКны  менчиктештирет экен
    19 09 2014 13:52

    «Ачык саясат» гезити «энергетика үчүн кимдер кезекте турат» деген макала жарыялаган. Анда Кыргызстанды талап-тоногондор көбөйдү. Бири алтын чыккан кендерге көзүн кызартса, экинчилери мамлекеттин ишенген байлыгы болгон энергетика жаатында пайда тапты. Бакиевдин учурундагы Ширшовдун схемасы эле канча адамдарды байытты. Эми минтип Парламенттин өкүлдөрү да энергетикадан бир нерсе өөнөп калалы деп турушат. Алардын бири «Ар Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов, ал өкмөттөгү өз адамы аркылуу «Чакан ГЭС» АКны  менчиктештирет экен деп жазат.

    Гезиттин 6-бетине Кубанычбек Исабековдун маеги чыккан. Анда «Кыргыз алтын 62 тонна алтынды сатып, анын 62 тыйыны дагы мамлекетке түшкөн эмес» деп айтылган.

    Ушул эле гезит Ахматбек Кыргызстанды Украинага айлантабы? деп анда Ахматбек Келдибеков Германияга эмес, Түркияга учкан андан Малайзияга кеткен, аны менен учурашканы К. Кадыров, Р. Жээнбековдор барат экен деп жазса

    «Жаңы Ордо» гезити Ахматбек Келдибековго Германиядан операция жасалды. Анын жубайы Аида менен кабарлашканда Ахматбектин операциядан кийинки абалы орто. Оорусу өтүшүп кеткендиктен операциясы оор болгон деп жазган.

    Ушул эле гезит  «Текебаевдин дагы бир өзүм билемдиги» деген темада «Биримдик» партиясынын жаштарынын пикирин жарыялаган. Анда «Биримдик» партиясынын мүчөсү Нурлан Асанов  «Текебаев Карганбек Самаковго каршы иш жүргүзүп жатат, «Ата Мекен» партиясы биздин партиянын лидерин, мүчөлөрүн дайындайт экен. Бул эмне деген шумдук?» деп айтылган.

    «Эркин Тоо» гезити  аба ырайынын суук тартканын мисалга алып, бул «тону жокко айта бар, өтүгү жокко өзүм барам» деген кыш мезгили кырдын ары жагында экендигинин белгиси деп өлкөдөгү газ маселеси аз да болсо четинен чечилип жатканына токтолгон. Макалада көгүлтүр оттун көйгөйү чечилди. Мурда газдын бир кубуна 16,35 сом төлөнсө, 1-октябрдан тарта газдын бир кубуна 12, 95 сом төлөйт деп жазат.

    «Айбат» гезитиндеги «Акыйкатчы Бакыт Аманбаев гейлерди коргогону бүтүп, эми өз кызын зордуктагандарды да коргоп калганбы?» деген макалада кызын зордуктаган кылмыш иши боюнча сот процессинде акыйкатчы адвокат менен биргеликте аны коргоого алды, Бакыт Аманбаевди кыргыз эли менталитетине туура келбеген гейлерди, өз канынан жаралган кызын зордуктаган айбандарды коргосун деп Акыйкатчы кылып шайлашты беле? деп айтылат.

    Ушул эле гезит «Айкөл Ала-Тоо» бирикмеси Бек Борбиевдин К. Бакиевдин юбилейине барып ырдаганын сойкулукка теңеди деп жазган.

    «Фабула» гезитиндеги «Салянова Америкага элчи болуп кетеби?» деген макалада көптөн бери Башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кете турганы  айтылууда. Бул жагдай ИИМге министр болуп Мелис Турганбаевдин келиши менен бул иш тездегени калыптыр. Анткени күч тармагын бир өрөөндөн чыккан кадрлар тейлеген туура болбой калаарын эске алышып, Аида айымды Америкага элчи кылып жиберүү жагы каралып жатыптыр деп жазылган.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *